Быйыл белгилүү саясатчы, кинорежиссер, акын Дооронбек Садырбаев 80 жашка чыкмак. Маркум агабыздын өлкөнүн, анын ичинде улуттук маданиятыбыздын өнүгүшүнө кошкон салымы зор. Ал кыргыз парламентинин үч чакырылышына депутат болуп, Кыргызстанда парламентаризмдин өнүгүшүнө да өз салымын кошуп кетти. Ошондуктан, өлкө аймагында Дооронбек Садырбаевдин кинофильдеринин жумалыгын жарыясак туура болор эле.

 

 

Мындай пикирин  депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

 

«Дооронбек Садырбаев 70 даректүү фильмдин, 16 көркөм жана теле фильмдердин, 7 прозалык, поэтикалык, публицистикалык китептин автору. Анын көркөм тасмалары эл аралык жана бүткүл союздук фестивалдардын жеӊүүчүсү болгон. Андан тышкары, мамлекеттик саясатка, өлкөнүн өнүгүшүнө, калк турмушуна байланыштуу 500дөн ашуун курч макалаларды жазган. Ошондуктан, маркум Дооронбек агабыздын 80 жылдын маарекеси жогорку деӊгээлде белгилениши керек», - деди депутат.