“Калк айтса калп айтпайт” деп коет. Коомчулукта экс-депутат Равшан Жээнбеков учурда чет өлкөдө баш калкалап жүргөн экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кызына өкүл ата экени айтылып эле келатат. Бирок, экс-депутат бул маалыматты төгүндөөгө шашылууда.
Аскарбек Шадиевдин Саадат аттуу кызы менен экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун биринчи никесинен көргөн Каныбек аттуу уулу баш кошкону, аларга Равшан Жээнбеков өкүл ата болгону өз убагында эле маалым болгон.
А бирок Равшан Жээнбеков Vesti.kgге бул маалыматтын калп экенин билдирди. Айтымында, анын Аскарбек Шадиевге такыр байланышы жок. Ошондой эле мындай маалыматтардын чыкканын көз карандысыз саясатчыларды 15 жылдан бери жаманатты кылуу аракетинин бир көрүнүшү катары сыпаттаган.
Баш кошкон жаштарга Жээнбеков чын эле өкүл ата болбогонбу, же Шадиевдин башына кара булут айлангандан кийин анысын жашырууга өткөнбү, бир өзүнө белгилүү го.