Биринчи май райондук сотунда ымыркайларды сатууга шектелген дарыгерлердин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму башталды. Анда жети айыпталуучу бар, арасынан үчөө соттун чечими менен үй камагына которулган болчу.

 

 Сот отурумда айыпталуучулардын адвокаттары сотко журналисттерди залдан чыгаруу өтүнүчүн жолдоду. Алар прессанын өкүлдөрүнүн катышуусу айыпталуучуларга моралдык зыян келтирип жатканын белгилешти.

 

Бирок, сот процесстин ачык экенин белгилеп, ачык процесске ким болбосун катыша алаарын айтты. Журналисттерди сот залынан чыгаруу мыйзамга ылайык келбесин түшүндүрдү.

 

Адвокаттар анда сот процессин жабык өткөрүүнү өтүнүштү эле, бул сапар прокурор каршы болду.

 

Ымыркайларды сатуу фактысы менен дарыгерлердин кармалганы коомчулукка дүрбөлөң түшүргөн. ИИМ бул боюнча үч факты аныкталганын билдирген. Андагы маалыматка таянсак,Э дарыгерлер ымыркайды сатып, анан аны сатып алгандарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк жасатууга да жардам беришкен.