Өткөн жумада Парламентте “кылым коррупциясы” аталган Бишкек ЖЭБиндеги дайынсыз жоголгон 386 млн. доллар боюнча козголгон кылмыш иши каралды. Анда депутаттарга алгач Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасады. Бирок ал өзүнүн ыйгарым укугунан чыгып, маселенин саясый өңүтүнө өтүп кеткендигин эске албаганда да, экономисттер айта турган сөздү же сунушка өтүп кетти. Көрсө, өткүр жигит Өткүрбектин логикасы боюнча Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо үчүн алынган насыяны же эски бийликтин лөктөрү сугунуп койгон миллиондорду төлөө үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүш керек экен.
“Карызга алынган 386 млн. доллардын натыйжалуу пайдаланышы жана өзүн акташы маселе болуп турат. Анткени ЖЭБде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы эки сом токсон тыйын. Ал эми сатуу наркы жетимиш тыйын. Демек, карыздан кутулуш үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүш керек болот. Бул биздин жарандарга материалдык жактан түйшүк алып келет дегенди билдирет. Эгерде 386 млн. доллар насыя алууда техникалык экономикалык негиздеме түзүлсө, анда бул маселелер талкууга алынмак. Бирок 2013-жылы жеке адамдын кызыкчылыгы элдин кызыкчылыгына өйдө болуп, кыска мөөнөттө ЖЭБди оңдоо аракеттеринен улам кыргыз мамлекети чоң өлчөмдө насыя төлөөгө дуушар болду», — деди ал.
Кийинчерээк депутат Аида Исмаилова өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, электр энергиясынын тарифин кайра карап чыгуу боюнча план жөнүндө сурады. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн тарифтер боюнча орто мөөнөттөгү планы аяктагандыгына байланыштуу жазында жаңы план даярдала турганын айтып, анда тарифтерди жогорулатуу каралбаганын белгиледи. 2025-жылга чейин кыргыз тарап бул насыянын пайыздарын гана төлөйт. Насыянын мөөнөтү 2034-жылга чейин.
Деги эле электр энергиясынын баасын, болгондо да жаз алдында көтрөм деген бийлик жайга жетпей калчу эле...
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити