Өлкөбүздүн көкбөрү боюнча курама командасы “Көчмөндөр ааламы” деген аталышта 9-19-мартта Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында “Төө фестивалынын” (CamelFestival) алкагында өтө турган “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалына катышмакчы.
Бул тууралуу Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.
«Кыргызстандан Сауд Аравияга 100дөн ашуун ат жиберилет. Анын 75и көк бөрүчүлөрдүн аргымагы болсо, калганы каскадерлордуку. Бүгүнкү күндө аттарга чип коюлуп, эмдөөдөн өтүп, паспорт даярдалып жатат. Сауд Аравия Кыргызстанга атайын учак жиберип, аттарды жана катышуучуларды алып кетти. Чыгымдардын баарын уюштуруучу тарап мойнуна алган. Биз барып чыныгы көк бөрүнүн аттары кандай экенин жана кантип ойноо керектигин көрсөтөбүз. Башка өлкөдөн атаандаштарыбыз болбойт. Көкбөрүнү чет жерде жайылтууда жакшы жумуш алып барылбай жатат деп айтышууда.
Алдыдагы биздин бара турган сапарыбыз кыргыз көкбөрүсүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот деп үмүттөнөбүз. Биздин аттар жана көкбөрүчүлөр Сауд Арабияда өтө турган фестивалга даярданып жатабыз. Бирок ал жерде бир гана көкбөрү эмес, Көчмөндөр оюндарында өткөн улуттук спорт түрлөрү да болот, – деди ал.
Маалыматка ылайык, аталган эларалык мелдешке жалпысынан 95 мамлекет катышат. Ал эми көкбөрү оюну көрүүчүлөргө көрсөтүү үчүн гана ойнолот. Этнофестивалдын алкагында ар бир өлкө өзүнүн маданиятын, каада-салтын, улуттук оюндарын да көрсөтө алышат.
Ошентип кыргыз элинин көкбөрү баш болгон ат оюндары бай арабдардын да кызыгуусун жаратып, тарыхта биринчи ирет жоон топ делегация аттары менен кошо самолетко түшүп жөнөп кетишти. Ылайым, жолуңар болуп, Кыргызстандын желеги менен элибиздин намысын бийик көтөргүлө деген тилек айтмакчыбыз.
Булак: “Майдан. kg” гезити