Биздин чакан жана демократиялуу деп аталган өлкөбүздө башаламандык ушунча күч алып, кылмышкерлер ишкерлер менен карапайым калктын канын жыландай соруп аткандыгын ушундан билиңиз, ушул жумада чет элдик жаран жергиликтүү ишкерден 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылып жаткан учурда кармалды. Чекисттердин билдирүүсүндө, 15-февралда УКМК кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 3 миң АКШ доллар өлчөмдө акча каражатын алып жаткан учурунда КМШ өлкөлөрүнүн биринин А.Ю. аттуу жараны кармалды.
Маалыматка ылайык, кармалган адам уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып, опузалап, жергиликтүү ишкерден жалпысы 10 миң АКШ долларын талап кылган экен.
Аталган факт боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинде “Опузалап пара талап кылуу” каралган кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
16-февралда Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан А.Ю. га карата УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камоо баш коргоо чарасы каралды. Азыркы убакта ыкчам-тергөө иш чаралары жүрүп жатат.
Албетте, тергөө амалдары жүрүп жаткандыгына байланыштуу укук коргоо органдары чет жактан келип, кыргызстандык ишкерди коркутуп акча талап кылган кылмышкердин аты-жөнүн, кайсыл өлкөдөн экендигин айта алышпайт. Анткен менен ал ким болушу мүмкүн? Биз билгенден Кыргызстанды дале болсо “өлөт” деп түрмөдөн чыгарылып, “Манас” аэропортунан кызыл килем менен узатышкан айтылуу кылмыш дүйнөсүнүн “аталыгы” Азиз Батукаев көзөмөлдөй тургандыгы айтылып келет. Эгер ушул жагдай чын болсо, ага далай кыргыз ишкерлери “дан” төлөп келишүүдө. Бул ирет УКМКга кайрылган жергиликтүү ишкер жаны кашайган окшойт. Деги биздин бийлик качанга чейин элди чет жактагы шылуундар менен бандиттерге талатып отура берет?
Булак: “Майдан. kg” гезити