600 чакырымга созулган “Бишкек-Ош” жолу өлкөбүздүн жашоосунун күрөө тамыры экендиги белгилүү. Бирок бул кан жол акыркы мезгилде чындап эле “кандуу жолго” айланууда. Анткени жолдун бат-бат бузулуусунан жана автомашиналардын көптүгүнөн улам адам өмүрү менен коштолгон авариялар көп катталууда. Тилекке каршы Бишкектен Ошко чейинки Токтогул суу сактагычын айланып өткөн аралыкты кыскартса же көпүрө салынса, ошол авариялар аз катталып, күйүүчү май менен тетиктер да үнөмдөлмөк беле. Бул тууралуу Алим Таштан деген жаран социалдык тармактар аркылуу мындай оюн билгизген:
“Урматтуу президент жана премьер министр.
Бул сүрөттө Бишкек-Ош жолундагы Токтогул суу сактагычын айланып өткөн жол көргөзүлгөн. Эгерде суу сактагыч аркылуу көпүрө салынса, картада көргөзүлгөндөй 68 км эмес, жол бир топко кыскармак. Жаңы жол болгону 9 эле км болмок. 6 км жол жана 3 км ге жетпеген көпүрө болмок. Демек жол 59 км ге кыскармак. Муну менен күйүүчү майды эсептегенде эле, бир топ валюта өзүбүзгө калмак. Андан тышкары экология бузулбай, убакыт көп кетпей, ошол жолдо болуп жаткан авариялар да кыскармак. Мейли айдоочулар ошол жолго акы төлөсүн, мисалга 200 сом. Ар кайсы булактардын айтымында күнүнө(24 саат) 1000-2000 машиналар өтөт экен. Эгер 1000 эле машина өтсө айына 6 000 000 сом болот экен. Көпүрөнүн эки башына жакшы ашкана, эс алуучу жайлар түшмөк. Эмнеге мамлекет ушундай өзүн актаган проектилерди ишке ашырбайт. Эгер мамлекеттин деңгээлинде кылууга акча же мүмкүнчүлүк жок болсо, мен ишенем Токтогулда бул ишти аткара ала турган азаматтар көп, ошолорго кредит берсе, алар муну жасашмак. Бул Кыргызстан үчүн абдан жакшы болмок жана сиздин президенттик мезгилиңизден эл үчүн эстелик болуп калмак. Интернет окурмандары да өз ойлорун бөлүшөт деген ойдомун. Сиздерди урматтоо менен Алим Таштан.
Булак: “Майдан. kg” гезити