Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 12-февралда Жалал-Абадда белгисиз бирөөлөр  эркек кишини көчөгө алдап чакырышып, сабашып, андан кийин машинеге күчтөп салышып алып кетишкен. Жабырлануучунун таанышы тоскоол болууга аракеттенгенде аны да сабашып, телефонун тартып алышкан. Кылмышкерлер отурган “Хондо Фит” автоунаасы да уурдалган болуп чыкты.

 

13-февралда милицияга кичирайондогу үйлөрдүн биринен ызы-чуу, жардам сураган кыйкырык угулуп жатканын кабарлашкан. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери барымтага алынган кишини табышкан. Ал байланган колун чечип алып, жардам суроого жетишкен.

 

Адамды уурдоо, барымтага алууга шектелип Өзгөн районунун 20 жаштагы тургуну кармалды.