Бул тууралуу айыл чарба министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитет Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинде жазгы талаа жумуштарына карата даярдык маселеси каралып жатканда билдирди.
«Дүйнөлүк рынокто пахтанын баасы өсө баштады. ошондон улам, быйыл пахта айдоо аянты 2200 гектарга көбөйтүлдү. Темекинин аянты да 1 миӊ гектарга көбөйгөнү турат. Ал эми картошканын аянты 3200 гектарга азаят, анткени өткөн жылы Казакстан менен Россияда анын түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, баасы төмөндөп кеткен», - деди ал.