Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 11 акыркы чек эмес, кечке чейин талапкерлердин саны дагы көбөйүшү мүмкүн.
Эске салсак, бүгүн арыз алуунун акыркы күнү. Саат кечки беште арыздарды кабыл алуу аяктайт. Арыздар кутучадан алынгандан кийин гана талапкерлердин аттары белгилүү болот.
"Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат.