Жогорку сот   Каныбек Осмоналиевди актады. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

 

Айтымында, иш сотто бүгүн, 18-февралда каралган. Буга чейинки инстанциялардын чечими күчүндө калтырылып, толугу менен акталган. Козголгон кылмыш ишинин курамында кылмыш иши жок деп табылды.

 

Эске салсак, иш Биринчи май райондук сотунда да каралып, ал жактан Осмоналиевди актаган чечим чыккан. Бирок, айыптоочу тарап мындай чечим нааразы болуп, жогорку инстанцияларга райондук соттун чечиминин үстүнөн арызданган.

 

 2014-жылы Каныбек Осмоналиевге УКМК тарабынан   2014-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медициналык факультетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алган деген жүйө менен кылмыш ишин козгогон.