Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, бүгүн отурум болбойт. Тараптар алдын ала угууну жабык режимде өткөрүшөт.

 

“Төрагалык кылууга дайындалган судья Инара Гилязидиновага эч кандай претензия жок. Тапшырык менен эмес, мыйзамга таянып чечим чыгарат деп үмүттөнөм”, - дейт адвокат Токтакунов.

 

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында   Сапар Исаковго, Жантөрө Сатыбалдиевге, Осмонбек Артыкбаевге, Салайдин Авазовго, Ольга Лавровага жана Айбек Калиевге айып тагылган. Алар кызматтык абалынан ашыра пайдаланууга шектелишти.

 

 Тергөөнүн версиясы боюнча айыпталуучулар ТВЕА компаниясы менен жасалма пайдасыз келишим түзүшүп, мамлекетке 111 миллион 252 миң 797 доллар зыян келтиришкен.