Бишкекте жол кырсыгынын кесепесинен эркек киши каза тапты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү Мамлекеттик башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 17-февралда болгон. Лексус үлгүсүндөгү автоунаа столбага урунган. Жыйынтыгында, айдоочу Тез жардам келгенче жан берген. 39 жаштагы М.А. аттуу жүргүнчү ооруканага жеткирилди.