Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Джунушалиев Кашкар Астаканович менен болгон бул сапаркы маегибизде кылмыштуулук менен күрөшүүнүн абалы, ИИО тутумундагы коррупциялык көрүнүштөр, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, коомдо резонанс жаратып ачылбай турган кылмыштар, кадрдык саясат өңдүү бир нече суроолорго жооп ала алдык.

 

- Кашкар Астаканович, президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана ага бөгөт коюу боюнча тапшырмалар берилгендигин билебиз. Ички иштер органдарындагы (ИИО) коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүүдө кандай чараларды көрүп жатасыздар?

 

- Ооба, президент тарабынан коюлган тапшырмалар боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан бул багытта ар-дайым иш жүргүзүлүп келет. Эсеби маселен, 2018-жыл ичинде ИИМ тарабынан коррупциялык мүнөздүү 32 кылмышка бөгөт коюу аныкталып, алар боюнча ИИОнун кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. Анын ичинде 13 факт боюнча пара талап кылууга бөгөт коюлса, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча 12 факт, кызматтык жасалмачылык жана шалаакылык боюнча 7 факт аныкталган. Бул кылмыш иштери боюнча 43 кызматкерге айыбы угузулган.

 

- Мүмкүн болсо, ички иштер органдарындагы мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенип, түзүмдүн кадырбаркын түшүргөн кызматкерлерге кандай чаралар көрүлгөнүн так, даана айтып берсеңиз?

 

- ИИОнун катарына кылмыш топторунун кирип кетүүсүнө жол бербөө, андайлардан ИИОнун катарын тазалоо жаатында ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан ар тараптуу иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. 2018-жыл ичинде кылмыш жасагандыктары үчүн ИИОнун кызматкерлерине карата 67 кылмыш иши козголуп, бул боюнча 83 кызматкер жоопкерчиликке тартылган. Ал эми ошол эле жыл ичинде ар кандай тартип бузуулар боюнча 5811 кызматкер тартиптик жазага тартылышкан. Алардын ичинен 71 кызматкер тартипти одоно бузгандыгы үчүн ИИОнун катарынан бошотулса, 205 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Ага улай мыйзам бузуу жоопкерчилигине 1475 кызматкер тартылган.

 

Тагыраак айтсам ЖПКнын нормаларын бузуу-343, кылмышты учеттон жашыруу-139, жасалма документ колдонуу-14, жол транспорттук окуя-27, автоунааны мас абалында башкаруу-67. Ошондой эле мыйзамдуулукту бузгандыгы үчүн 49 кызматкер ИИОнун катарынан кетирилип, 51 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Арийне, бул иштерди аткаруу же электен өткөрө тазалануу деген кайсы бир белгилүү күн же мезгил менен токтоп калбайт. Жана мындай иштер жөн гана колдун учу менен жасалып калбайт. Тазалануу, беделди бийик көтөрүү үчүн милиция тынымсыз иш алып барууда. Ар бир алынып барып жаткан иштердин артында түмөн түйшүктүү эмгек, камырдан кыл сууругандай кылдаттык жана эң башкысы керт баштын жоопкерчилиги жатат.

 

- Өлкөдө мектеп рекети орун алган учурлар тыйылбай келет. “Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция алсыз болуп жатат”- деген ойго кандай карайсыз?

 

- Мен бул сөзгө же мындай пикирге эч качан кошулбайм. Ооба, жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жана алар тарабынан да кылмыштар жасалып жатат. Муну тана албайбыз. Айталы, жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучуларынын арасында 106 опуза талап кылуу (школьный рэкет) фактысы катталган. Бул цифра 2017-жылга салыштырмалуу мектеп рекетчилиги 8,6% төмөндөгөндүгүн айтат. Катталган 106 иштин ичинен 7 факт боюнча кылмыш иши козголгон. 99 факт боюнча жабырлануучунун айыпкерди жоопко тартуудан баш тартуусу жана жоопко тартылуучу жашка толо электигине байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомдору чыккан. Арийне, 2018-жыл ичинде жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштуулугу 95,4% (878ден 1716га) жогорулаган. Ал эми жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар 37,0% (1075тен 1473кө) жогорулаган.

 

Өзүңүздөр күбө болгондой, цифралардын жогорулоосу бир гана милициянын ишине тиешелүү эмес. Анткени, ар жыл сайын адамдардын санынын өсүүсү, коомдук аң-сезимдин өзгөрүүсү, социалдык муктаждыктар деген өңдүү критерийлер кылмыштуулуктун катталышына түздөн-түз таасир этет. Бирок, биз жагдайларды бетке кармап, алакан жайып олтуруп алган жерибиз жок.

 

Бул жаатта ИИМ тарабынан бир катар уюштуруучулукпрактикалык иш-чаралар иштелип чыккан. Жалпы билим берүү мекемелеринде алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө талап кылуу фактыларын аныктоо жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ишмердүүлүгүндөгү эң негизги багыттардын бири болуп саналат.

 

- Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө ИИМ кандай иштерди жүргүзүүдө? Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалып кылмыш жообуна тартылуудабы?

 

 - 2018-жыл ичинде ИИО кызматкерлери тарабынан бардыгы болуп 210 кылмыштуу топтордун мүчөлөрү ар кандай кылмыш фактылары менен кармалган, анын ичинен 7 адам криминалдык чөйрөдө жогорку даражадагы статусун алып жүргөндөр. Бүгүнкү күндө да каттоодо турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү жасаган кылмыш иштеринин бетин ачууга, ага бөгөт коюуга, кылмыштуу түзүмдөрдү аныктоого, аларды каржылоонун булактарынын жолдорун буу, андан сырткары мамлекеттик кызматкерлерге, жогорку кызматтагыларга терс таасири тийип калбашына карата бир багыттуу иштер алып барылып, УКТ мүчөлөрүн кармоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө.

 

- Ар бир чөйрөдө кесипкөйлүүлүк - башкы критерийлердин бири болуп  саналат. ИИМдин кадр саясаты кантип түзүлөт жана коюлган талаптарга милиция кызматкерлеринин кесипкөйлүүлүгү жооп береби?

 

- Ички иштер министрлигинин кадр иштери ченемдик укуктук актыларга жана ИИМдин ведомстволук буйруктарына ылайык ишке ашырылат. Ички иштер органдары жөнүндө мыйзам жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобосу ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн укуктук негизин аныктайт жана кызмат өтөө шарттарын жөнгө салат. Ал эми милиция кызматкерлеринин кесипкөйлүүлүгү талаптарга жооп бериш үчүн министрликте кызмат орундарына дайындоо сынактык негизде ишке ашырылат. Сынак өткөрүүнүн максаты даярдыктары жакшы, квалификациялык талаптарга жооп берген зарыл болгон билими бар, кесиптик чеберчилиги жогорку, эмгек тажрыйбасы, жаш курагынын ылайыктыгы, жөндөмдүүлүгү жана жеке сапаттары дене-тарбиялык даярдыктары жогорку сапаттарын эске алуу менен бош кызматтык орундарга дайындоо үчүн тандоо болуп эсептелет.

 

Ошондой эле жогоруда аталган ченемдик укуктук актыларга ылайык ички иштер органдарынын кызматкерлерин дайындоодо, кызмат боюнча которууда кесиптик билими, ички иштер органдарындагы эмгек стажы, адистиги боюнча тажрыйбасы, аймактык бөлүктөрдөгү иш тажрыйбасы жана башкалар эске алынат. Андыктан милиция кызматкерлеринин кесипкөйлүүлүгү коюлган талаптарга толук жооп берет.

 

 - Өз сөзүңүздө айткандай, ички иштер министрлиги туристтик милицияны түздү. Жаңы кызмат кандай иштерди алып барат жана кызматкерлер кандай талаптар менен тандалат?

 

 - Ооба, башта айткандай Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругуна ылайык, Бишкек ШИИББдин МКККнын полкунун атайын ротасынын курамына 62 штаттык бирдиктен турган 2 туристтик взвод түзүлдү. Туристтик взводдун негизги тапшырмалары жана функциялары чет өлкөлүк туристтердин жана шаардын конокторунун коопсуздугун камсыздоо, андан сырткары туристтерге укуктук жардам көрсөтүү, туристтер барган аймактарды көзөмөлдөө, кеңеш берүү, туристтерге карата жасалган укук бузууларга жана кылмыштарга өз убагында ыкчам аракеттерди көрүү өңдүү атайын аныктамалардан турат. Ал эми талапкерлерди тандоо комиссиясы талапкерлер менен маектешүүлөрдү жүргүзүшүп, чет тилдерди билүү боюнча маектешүүнүн жыйынтыгы менен кызматка алууну сунушташат. Туристтик милициянын бардык кызматкерлери зарыл болгон бардык окуу курстарын, анын ичинде чет тилдер жана туристтер менен баарлашуу эрежелерине байланышкан курстарды окушат. Бүгүнкү күнү Туристтик милициянын кызматкерлери ар кыл каттамдар аркылуу тиешелүү көзөмөлдөөнү жүргүзүп, иш алып барууда.

 

 - Коомдо резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачуу боюнча кандай ыкчам иштер жүрүүдө же ал иштер токтолуп калган жокпу?..

 

 - Бизде ачылбай калган ар бир оор кылмыш, коомго өзгөчө резонанс жараткан өзгөчө оор кылмыштардын бардыгы көзөмөлдө турат. Акырындап ачылып жатканы бар, ачыла электери да бар, айрым оор кылмыштар боюнча шектүү кылмышкерлер бар, эл аралык издөөдө жүргөндөр бар. Бир да оор кылмыш иши таптакыр токтоп калбайт, ыкчам иликтөө иштери үзгүлтүксүз жүрүп турат.

 

Айрыкча, мен бардык оор кылмыштардын иликтениши боюнча криминалдык жана тергөө кызматына өзгөчө катуу талаптарды коюп келемин. Ар бир оор жана өзгөчө оор кылмыш ачылышы керек, кылмышкерлер жазасын алышы керек, көз жашын төккөн ар бир адамдын укугу корголушу керек жана адилеттүүлүк орношу керек, мына биз ушул багытта дайыма иш жүргүзүп келебиз.

 

Жогоруда мен белгилеп кеткен бардык багыттарды, тактап айтканда кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук тартипти сактоо, ички тартипти сактоо жана реформалык иш аракеттерди ийгиликтүү жүргүзүү жана жаңы кодекстер менен мыйзамдарды иш жүзүнө ашыруу, ага замана талабына ылайык өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүкоомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө сөссүз түрдө өз жемиштерин берет деген терен ишеничтемин.

 

 

 

Маектешкен Нурлан Жукеев, “Майдан. kg” гезити