Аламүдүн райондук соту 23 жаштагы А. уулу М. аттуу жаранга карата кылмыш ишин териштирүүнү токтотту.

 

Соттук өкүсүндө шектүү жээни 16 жашка толо электигин билип туруп шаардын сыртына алдап алып барып, ыдык көрсөтүүгө аракеттенгени жазылган.

 

Маалыматка караганда, шектүү кызга “Чуңкурчак” эс алуу борборунда эжең күтүп жатат” деп айткан, кыз ишенип, чогуу барган. Таш-Дөбө айылына жеткенден кийин жигит машиненин ичинде кызга тийишип баштаган. Бир нече күндөн кийин кызды Ош шаарына алып кеткен. Мейманканада жигит кайрадан кызга жакындашканга аракеттенген.

 

Соттук-медициналык экспертиза кыздын кыздык белгиси бузулбаганын аныктады. Өспүрүмдүн мыйзамдуу өкүлү айып тагуудан баш тартты. Ошондон улам териштирүү токтотулду.