2019-жылдан тартып автоунааны кайра каттатуу салыкты да кайталап төлөө дегенди билдирбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, автоунаанын жаңы ээси эгер автоунаа үчүн мурдагы ээси бир жылга салык төлөп койгон болсо, өз наамына каттатууда кайталап салык төлөбөйт.

 

 

Эске салсак, мыйзам боюнча салык төлөөчүлөр транспорттук каражаттырына 1-сентябрга чейин салык төлөшү керек.