“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши кайра кайроого жиберилди. Бул тууралуу лидердин кызыкчылыгын коргогон юристтер билдиришти.
Маалыматка караганда, иш Биринчи май райондук сотуна жиберилди. Андан кийин процедура боюнча Жогорку сотко жөнөтүлөт.
Текебаевдин жактоочулары Кылмыш кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргенине байланыштуу ишти кайра кароону өтүнүшкөн. Аны менен катар Башкы прокуратурада ЖАМК экс-депутатты жатак-колонияга которууга эсепти туура эмес жүргүзгөнү тууралуу юристтердин жазган каты да каралууда.
Анда айтылгандай, ЖАМК амнистия боюнча жаза мөөнөтүн 2 жыл 8 айга кем эсептеп коюшкан. Башкача айтканда, Текебаев 47-абактан жатак-колонияга ушул жылдын март айында чыгышы керек болчу.