Чолпон-Ата шаарында кичинекей кызды зордуктаган жаранды сот 14 жылга эркинен ажыратты. Бул соттун токтомунан белгилүү болду.

 

Маалыматка караганда, 1965-жылы туулган, Кара-Ой айылынын  С.У.Т. аттуу тургуну Чолпон-Ата шаарындагы “Шаардыксууканалында” насостук станциянын оператору болуп иштеген. 2018-жылы 25-мартта саат болжол менен 22.00дө “Рух Ордо” комплексине 12 жаштагы кызды ээрчитип келип, алсыздыгынан пайдаланып зордуктаганы айтылган.

 

 Биринчи инстанциядагы сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок, Ысык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясы соттолуучунун адвокатынын өтүнүчүн карап, жаза мөөнөтүн өзгөртүп, 14 жылга эркинен ажыратты.