Электр энергияга жана жылуулукка тариф көтөрүлбөйт. Бул тууралуу парламентте биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Депутат Аида Исмаилова ушул жаатта суроо берди эле, Боронов “Өкмөт тарифтерди кымбаттатууну караган жок. Башкы прокуратуранын сунушу бар, бирок чечим кабыл алына элек”, - деп жооп берди.
Эске салсак, парламентте Башкы прокуратура отчет бергенде электр энергиянын өздүк наркы 2,9 сомду түзөөрү, 70 тыйындан сатылаары айтылган. Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган каражаттарды төлөп берүүгө тарифти жогоруталуу зарылдыгы белгиленген.