Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мурдагы каржы министри Ольга Лавровага доо коюлганын жана мүлкү камакка алынганын билдирди. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбековдун суроосуна жооп берип жатып айтты.
Айтымында, Лаврова камакка эмне үчүн камакка алынбаганын тергөөчү билет.
“Мындай чечимди тергөөчү кабыл алган жана ал кабыл алган чечимине түшүндүрбөгөнгө укуктуу. Эгерде адамдар тергөө менен кызматташса үй камагына чыгарса болот” – деди башкы прокурор.