Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышын териштирүү боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө Жогорку токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Өкмөттүн маалыматы угулду. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊештин токтомун аткаруу алкагында бир катар иштиктүү чаралар көрүлүп, Бишкек ЖЭБинде оӊдоо иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.
«Жаӊы сууну химиялык тазалоо цехи курулуп, ал сыноодон өткөрүлүп, ал мурдагы цех менен кошулду. Орусиялык адистердин көмөгү менен ЖЭБде иштеген техникалык кызматкерлер окутулду. Ошондой эле, баардык цехтер жылууланды», - деди ал.
Ал эми башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептери териштирилип, тергөө жыйынтыгында бир топ жаӊы жагдайлар ачыкка чыкканын белгиледи.
«Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча бир катар кызмат адамдарына кылмыш иштери козголуп, азыр сотто каралып жатат. Бишкек ЖЭБин модернизациялоого алынган 386 млн доллар насыя каражатынын жумшалышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында бир топ кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, азыр ал сотко өткөрүлдү», - дейт ал.
Андан тышкары, кытайдын ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, кыргыз тарап Бишкек ЖЭБин оӊдоого колдонула турган техникалык жабууларды сатып алуудан жана анын жүрүшүн көзөмөлдөөдөн четтеп калганы белгилүү болду. Ошондон улам, ТВЕА компаниясынын техникалык жабдууларды кыйла кымбат баада сатып алуусуна шарт түзүлгөн. Ушундай калпыстыктардын натыйжасында мамлекетке 111 млн доллар өлчөмүндө ири зыян келтирилген.
Кылмыш иштеринин алкагында С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж.Назаровго, Т.Бримкуловго, О.Лавровага кызмат абалынан пайдалануу жана коррупция беренелери боюнча айып коюлууда. Ошону менен бирге, кылмыш иши козголгон адамдардын 413 млн 885 миӊ сом көлөмүндөгү мүлкү камакка алынды.