Ошондуктан, үзгүлтүксүз көчкү жүрүп, райондун жана облустун борбору менен байланыштырган жападан жалгыз жол дагы убактылуу бөгөлдү. Кабарчыбыз акыбал менен жеринде таанышып кайтты.
- Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолу, чындыгында, акыркы мезгилде таптакыр эле каралбай калды. Үстөккө-босток жүргөн кар көчкүнү жана жолдогу бороон шилендисин өзүбүз моминтип күрөп, анан тазалап дагы жатабыз,- деп чырылдады айдоочу Узакбай ЖУСУПБАЕВ. – Сооронбай Жээнбековго абдан чоң ишеним артып, өзү Кара-Кулжанын уулу, түмөн түйшүгүбүздү беш колундай билет деп президенттикке шайладык эле. Балким, а кишиге бул жактагы чыныгы кырдаал жөнүндө анык маалымат жетпей жатат өңдөнөт. Андыктан, Сиздер аркылуу кайрылганга дагы мажбурбуз!
Урматтуу Президент мырза! Кичи Мекениңизге, анын ичинде Алайкуу өрөөнүнө дал азыр бир келип-кетиңизчи? Сиздин сапарыңыздын шарапаты менен жолубуз дагы оңдолуп жана тазаланып, буга улай элибиздин башка көйгөйлөрүн деле тыңдап, көбүн жеринде эле чечип, абдан чоң соопко калаар элеңиз.
- Эң четки Көгарт кыштагынан эле коңшулаш Кан-Коргон кыштагына машина менен алты сааттын ичинде араң жеттик, эй! - деп ыйлактады Кара-Кулжа районундагы Көгарт кыштагынын тургуну Үмүтбек МАМАТАЛИЕВ. – Алайкуу айыл өкмөтү каякты карап олтурат? Жолдорду тазалаганга таптакыр алы жетпесе, жок дегенде коркпостон акимге деле айтышпайбы? Менин билишимче, Жайыт департаментине жетиштүү жаңы техникалар бөлүнгөн. Ошолор менен жайлоого кеткен жолдор оңдолуп-түзөлмөк. Балээниби? Техникалар жөн эле турат. Жергиликтүү бийлик жок дегенде ушуларды деле эми иштетишпейби, ыя? Ушундан соң сапарыбыздын тизгинин буруп, Кара-Кулжа райондук №26-жол тейлөө мекемесине дагы капыл-тапыл баш бактык.
- Жылдын төрт мезгилинде 285 чакырым жолду тейлейбиз. Мунун 87и чакырымы Алайкуу өрөөнүнө карайт. Заман талабына жараша 2015-жылдан тартып бардык техникаларыбызды чекесинен жаңыладык. Заманбап техникаларыбыз Сары-Бээ, Кара-Таш айылдарында, Көңдүк жана Терек кыштактарынын чатында күнү-түнү кезектешип иштеп жатышат. Мурунку механизаторлорду кайрадан ишке тарттык. Анткени, жаңылары жетишсиз. Болсо деле алар арзыбаган айлыкка иштебей жатышат. Жанагыл улам көчкү жүргөн жолдорду күндө тазалап, ары-бери каттоо үчүн аргасыздан жол ачып жатабыз. Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы кезинде өзү биринчи демилгелеп, Алайкуунун Тамчы тилкесине узундугу 50 метр тунн ель-галерея долбоорун бүткөргөн эле. Бирок, муну туруктуу иштетүүгө Кыргыз Өкмөтү эмдигиче каражат ажыратууга мүмкүнчүлүк таппай келатат.
Кара-Кулжа районунун акиминин буйругуна ылайык саат 18.00дөн баштап саат 8.00гө дейре Кара-Кулжа-Алайкуу багытында автоунаалардын каттоосуна таптакыр эле тыюу салынган. Анткени, билесиздер, жаз Алайкуу өрөөнүнө абдан кеч келет. Ошол себептүү тээ апрель айына дейре көчкү дагы тынымсыз жүрөт. Тилекке каршы, акимдин буйругун Алайкуу-Кара-Кулжа-Ош багытына каттаган айдоочулар дегеле аткарбай келатышат,- дейт Кара-Кулжа райондук №26-жол тейлөө мекемесинин директору Бактыбек АТТОКУРОВ Канеткен күндө дагы, жергиликтүү жана борбордук бийлик айтылуу Алайкуу өрөөнүнүн муң-зарын жеринде бекем тыңдап, анан гана чукул чараларды көрүшсө, албетте, мындан утушмак. Болбосо, мындай нааразычылык бара-бара ырбап олтуруп, акырында социалдык жарылууга кептебейт деп эч ким кепилдик бере албайт.
“Майдан. kg” гезити