КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун тайраңдамай доору аягына чыгаарына аз калды. 19 – мартта Коомдук каналдын учурдагы башкы директорунун ыйгарым укугу соңуна чыгат. Мындан улам өлкөнүн башкы телеканалынын жетекчилигине талапкерлерге сынак жарыяланды.
Үч жыл мурда Карыпбеков маалымат каражаттарына экинчи мөөнөткө барбай турганын ишенимдүү айтчу эле.
“Экинчи мөөнөт эмес, эки жыл – ушул мөөнөтүмдүн соңуна чейин мыкты иштеп берсем эле болду. Кайсы убакта болбосун кетип калышым мүмкүн да. Экинчи мөөнөткө эч убакта барбайм!” – деген маектеринин биринде.
Бирок, жакындан бери КТРКнын директорунун оюу өзгөрүлө баштаганы байкалгансыды эле. Ал маектеринде баштагыдай “барбайм” деп караманча баш тартпай, “билбейм, ойлонуп көрөм”, - деген көп чекитүү жоопторун берип калды. Мисалы, “vb.kg” сайтына “Азырынча кийинки мөөнөткө бараар-барбасымды чече элекмин. Дагы убакыт бар, ойлонуп көрөм”, - деп билдирген.
Эки анжы жоопторунан Карыпбеков кызматтын даамын татып калган жаны такыр эле креслосун таштаганга көзү кыйбай жаткан турбайбы деген ой пайда болгон. Ал ойду бекемдеп КТРКдан маалымат келди. Андагы кабарга таянсак, директор отурган ордунда калуунун аракетин чечкиндүү көрүп баштаптыр.
Илим Карыпбеков продюсерлер менен редакторлорду чогултуп, чогулуш өткөрүптүр. “Экинчи мөөнөткө кала турган болдум, жогору жактан “добро” алдым. Силер “Илим Карыпбеков көп иштерди аткарды, пландап, бирок иш жүзүнө ашырууга жетишпей калган дагы көп иштери калды. Ошондуктан, экинчи мөөнөткө шайлануусун суранабыз” деп кайрылуу жазып бергиле”, - деп кол алдындагыларды мажбурлаптыр. Айтканын аткарбагандарды эки чайнап, бир жутуп салчудай эле каарданыптыр.
Бул кабар Карыпбековдун КТРК менен коштошкусу келбегенин бекемдеди. Эр- жигиттик сөзү кайда, башында кетем деп кыйкырып, кетээр убак келгенде артка кылчактап, айтканын кайра алган эр-жигитке таандык сапатпы? Же, Илим Карыпбековго жигиттик сапатка ээ болууга караганда жетекчилик креслодо отуруу өйдө окшойт. Канча деген көздөр анын экинчи мөөнөткө барбайм деген “апыртмасын” окушту эле, алардын баарына кантип актанып чыгат? Же, кол алдындагыларды чоңдугуна салып, ызылдатып кууруп, “Илим Карыпбековдой чыгаан жетекчи бул дүйнөдө жок. Бизге Илимден башка эч кимдин кереги жок!” – дедиртип жаздырып, анан “Мына, мени эмгек жамаат суранып калтырышты. Кызматкерлерим жабыла жалдырап суранып жатышса, кетип калыш ыңгайсыз сезилди. Уялдым...” – деп уяттуу жетекчиге айланып туруп береби?