
Кыргызстандагы орус тилдүү массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери, Игорь Шестаков өңдүү саясий серепчилер менен Бишкек шаарындагы кафелерде жолугушууларды уюштуруп, “Бизге улутташтар катары жардам бергиле, Кыргыз Өкмөтү ар кандай оюндарды кылып Жерүйдү иштетүүгө бут тосуп жатышат. Буларга каршы турушубуз керек. Силер массалык маалымат каражаттары аркылуу бизди колдогон пикирлерди жаратып, орустар бул жерден кетип калса Жерүйүңөрдү эч ким иштете албайт” деген сыяктуу чакырыктарды көбөйтүүнү сунуштап, каржы маселесинен ойлонбогула, чечебиз деп жүргөндүгү туралуу чар төйрөлөрдө кеп жүрө баштады. Анан дагы бул эрендин “негизи Кыргызстан Россиянын курамына эле автономдуу республика болуп кирип алса жакшы болмок, ансыз деле биздин жардамыбыз жок бул жерде эч кандай жылыш болбойт” деген өңүттө бузукулук ойлорун ар жерде каңкуулап калып жүргөндүгү дагы маалым боло баштады.
Ушул эле Румянцев 2018-жылдын октябрь айларында Бишкек шаарына келип, “Альянс Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча өкүлү Данияр Жаныкуловдун коштоосунда бир катар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, “силердин Икрам Илмиянов деген шоопуруңар биздин жетекчибиз Муса Бажаевдин дачасында жашынып жашап жүргөндүгү туралуу жазган маалыматыңар жакшы болду. Ал болбосо биздин Воробейчик деген биттин канын сыккан, бирөөнүн акчасын дагы эсептеп ашыкча чыгым кылбаган зыкымыбыздын мени Бишкеке жиберер түрү жок. Барып келейин десем эле “сага ал жака эмне бар, тийиштүү кызматкерлер өз иштерин жасап жатышат. Сенин барууңдун зарылдыгы жок” деп сайрайт да турат. Силер Бажаевдин дачасы туралуу жаздыңар эле мени “жөнө Бишкеке. Барып журналистер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биз жөнүндө жазбоолорун макулдашып кел” деп бөйпөңдөп калыптыр. Ошол себептен силер менин Бишкеке келүүмө жол ачтыңар, бул үчүн силерге чоң ырахмат деп” дөөрүп, “баардыгыңар менен буйруса 2019-жылдын январынан баштап атайын келишимдерди түзүп, ай сайын акча каражатын берип иштешебиз” деген ишаратын кылып баарыбызды таң калтырып кеткени бар. Анан дагы иш бөлмөбүзгө кирсе оозунан жыттанган арактын жытына чыдап тура албайсың. Кийинчирек бул эргулдун жинди суусуз жашоосундагы бир күнү дагы өтпөй тургандыгын кулагыбыз чалды. Орусиялык компаниянын Кыргызстанга жиберген эң ишенимдүү жоокери ушул болсо, анда компаниянын акыбалы оор эле окшойт деп ойлоп калганбыз. Ошондон бери көпчүлүгүбүз Румянцевдин берген убадасына ишенип, кызматташууга келишим күтүп эле жүргөнбүз, бирок ал куйругун карматпай качкан боюнча жок болуп кеткен.
Анан эле бул эрен үстүбуздөгү жылдын январь айында кайрадан Бишкекте пайда болуп, социалдык тармактарда ар кандай фейктер аркылуу жүздөрүн жашырып ушак-айың таратууну кесип кылып алышкан бир катаржурналист сыяктуулар менен жашыруун кафелерде чайлашып, “биз Юрий Алешин деген генерал экөөбүз орусия Президенти В.В. Путиндин 2019-жылдын март айында Бишкеке боло турган иш сапарына даярдык көргөнү келдик. Путин бул жака келгенде сөз жок “Жерүй” маселесин көтөртөбүз. Азыр биз орусия президентинин аппаратынын тапшырмасы менен Кыргызстандагы саясий абалга анализ жүргүзөбүз” деп өзүн агент 007 көрсөтүп, аталган фейктердин алдына айлык катары 30, 50 миң сомдон акча каражатын таркатып кеткендигин эшиттик. Ушундан улам эмне орусия Президентинин Кыргызстанга иш сапарын Жерүйдү иштеткен компаниянын өкүлдөрү жүргүзүп калганбы, эмне себептен журналистерге тандоо жолу менен акча каражаты таркатылып жатат деген суроолор өзүнөн өзү пайда болот? Же чындап эле бул Румянцевдеген эме өзү айтып жүргөндөй орусиянын атайын кызматынын өкүлү болсо, анда эмне Жерүйдү орусиянын атайын кызматы (ФСБ) сатып алганбы? Болбосо бул Жерүйдү иштетүү укугун утап алган компаниянын кызматкерлери Юрий Алешин менен Румянцевдин Путиндин келүүсүнө, орус-кыргыз кызматташтыгына, эмне тиешелери бар?Деги 100 тонна алтыны бар Жерүйдү ким сатып алган?Айтор Румянцевдин ар бир келүүсү менен ушуга окшогон жоопсуз суроолор көбөйүүдө. Эгерде ар бир кен иштеткен чет өлкөлүк ишканалардын кызматкерлери Кыргызстанга келип алып минтип өлкөнүн ички, тышкы саясатына кийлигишип, масалык-маалымат каражаттарына тандоо менен мамиле кылып, түшүнүксүз, бузукулук иштерди жүргүзө берсе, бизге мыйндай инвесторлордун кереги барбы деген суроо туулат.
Биздеги маалыматтар боюнча Юрий Алешин деген мырза болсо 2008-жылдан бери Кыргызстанга байма-бай каттап турат экен. Убагында Атамбаевдин жакын досу болуп эшигин тээп кирип чыкчулардан болгон дейт. Анан Атамбав досу кызматтан кеткенден кийин ага жогору жактагылардын эшиги жабылып кыйналып жүрөт экен. Азыркы учурда Жерүй боюнча сүйлөшөт элем деп ажобуз Сооронбай Жээнбековго кире албай, Атамбаевдин убагындагы жогорку бийликте жүрүшкөн эски досторун ортого салып кыйналып жүргөн чагы. Бирок бул мырза азыр Кыргызстанга саткын, намысы жок, чагымчыл Атамбевден айырмаланып намыстуу, абийирдүү, Кыргыз деп күйгөн Эл уулу ажо болуп келгендигин али түшүнө элек окшойт. Демек Атамбаевдин убагындагыдай саясий оюндар эми өтпөйт. Биздин божомолдор боюнча “Жерүй” алтын кенинде Кыргызстандын бир дагы пайыз үлүшүнүн жоктугу дагы ушул Алешин мырза менен Атамбевдин ортосундагы чечилген маселе болсо керек. Биз бул үлүш маселесине Ажобуз Соронбай Жээнбеков жакшылап көңүл буруп, Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоого алат деп терең ишенебиз. Ал эми “Жерүй” алтын кенин иштетип жаткан “Орус Платинасы” компаниялар тобунун жетекчилиги бул Румянцев, Алешин өңдүү ээн ооз кызматкерлеринин чындыгында ким экендигин, түз аткара турган милдеттери кайсылар экендигин эл алдында ачыктап, тактап койбосо иштин арты чатака айланып кетчүдөй го.