Караколдогу мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүүлөрдү милиция кармады.
Ысык-Көл ИИБинин маалыматына караганда, алар күнөөлөрүн алдын ала жасалган суракта моюнуна алышты.
Кылмыштын изи сууй электе киши өлтүрүүгө сегиз шектүү иликтенип, кармалган. Алар Каракол шаарынын 1 жаштагы тургуну Н.Т. маркум окуган мектепте жогорку класстарда окуган 17 жаштагы ЖС., К.А., Д.А., С.Д., А.А., 16 жаштагы Т.Т., Т.Э. болуп чыгышты.
Кармалгандардын айтымында, 2017-жылы декабрда каза тапкан окуучу шектүүлөрдүн биринин уюлдук телефонун тартып алып, сабап салган. Арадан бир жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин өч алууга болгон каалоо козголуп, сегизи биригип кол салышкан. Түнү маркумду үйүнөн чакырып чыгышып, ээн жерге алып барышып, жыгач таяк менен катуу чабышкан.