Каракол шаарындагы мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кыйноолорго каршы Улуттук борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

 

Айтымында, шектүүлөрдү кармоо учурунда алардын жанында ата-энелери болгон. Анткени, кармалгандардын бешөө эрезеге жете электер. Сурак маалында орто билим берүүчү мекеменин социалдык педагогу менен адвокат  катышкан.

 

Кылмыш ишин иликтөө Караколдун прокуратурасынын көзөмөлүндө турат.

 

«Биздин борбордун өкүлү кармалгандар жана алардын ата-энелери менен сүйлөштү. Алар тараптан эч кандай доо-арыз түшкөн жок», - дейт Сулайманов.

 

Эске салсак, 12-февралда Караколдогу автоунаа сатылуучу базардын жанынан 18 жаштагы окуучу баланын сөөгү табылган. Аны жергиликтүү тургундар көрүп милицияга кабар беришкен. Сөөктө күч колдонуп өлтүрүүнүн белгилери  болгон. Ошол эле күнү милиция шектүүлөрдү кармаган.