Жогорку Кеңештин комитети  экс-президенттердин кол тийбестигин алууну демилгелеген мыйзам долбоорун карады. Демилгечилер - депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев.  Анда депутаттар сын-пикирлери менен катар сунуштарын да жолдошту. 

 

Депутат Акылбек Жапаров экс-президент деген стутусту  эгер мурдагы президент саясий партиялардын ишине аралашса алып салуу туура болоорун белгиледи. 

 

Бирок, демилгечилердин бири Исхак Масалиев мыйзам долбоорун колдобой турганын билдирди. Айтымында, долбоордогу алар сунуштаган маңыз алынып салынган да, ордун Конституциялык палатанын чечимине таянган башка нормалар толуктоодо. 

 

 

"2006-жылы Конституция өзгөргөндө экс-президенттин кол тийбестиги алынган. Бирок мыйзамда калып калган. Ошон үчүн учурда  мыйзам долбоорун талкуулап жатабыз. Бирок, мыйзам долбоорунда мурдагыдан да ашыкча кол тийбестик берилип жатат. Биз чоң катачылыкка жол берүүдөбүз. Бул жерде  Конституциялык палатанын чечими ашыкча болду. Биз сунуштаган маңыз калып эле, анын ордун Конституциялык палатанын чечимине таянган нормалар толуктап койду. Ошондуктан мыйзам долбоорун колдоодон баш тартам", - деди Масалиев.