Алдын ала алынган ыкчам маалыматтар боюнча 2018-жылдын ичинде кургак учук оорусу туруктуу деңгэээлде сакталууда. Бул маалымат Саламаттык сактоо министрлигинин иш жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегияда берилди. 2018-жылы 7 324 адам дарыланууда болду, мунун ичинен кургак учук менен ооруган алгачкы айкындалгандар 5808 (100 миң калкка 83,3 учур) 5616 каршы (2017-жылы- 100 миң калкка 90,5).

 

Оору көрсөткүчтөрү республикалык көрсөткүчтөн жогору тургандар, Чүй облусу – 126,8 (2017-ж.-135,7) жана Бишкек ш. – 88,4 (2017-ж. – 99,0), бул республиканын башка региондорунан миграциянын жогорку деңгээлде болушуна байланыштуу болуп жатат.

 

Республика боюнча балдардын кургак учук менен оору көрсөткүчү 2018-жыл ичинде ыкчам маалыматтар боюнча 100 миң калкка 15,0 түздү (301 учур) 2017-ж. -  21,7 (495 учур) болгон.

 

Кургак учуктан болгон өлүм көрсөткүчү акырындык менен төмөндөөдө, 2018-жылы бул көрсөткүч республика боюнча 100 миң калкка 4,6 түздү (2017-ж. 5,2 (320 учур) болгон).

 

Өлкөдө кургак учукту  лабораториялык аныктоонун заманбап ыкмалары жайылтылган, анын ичинен туруктуулугун да аныктоочу жабдуулар бар (GeneXpert, Хайн-тест, секвенирование генома ТБ ж.б.).