Экс-премьер-министр Темир Сариев өзүнүн дарегине карата депутат Элвира Сурабалдиева тарабынан айтылып жаткан дооматтар токтобосо жооп кайтарууга аргасыз болот. Ал бул тууралуу 12-февралда Бишкекте журналисттерге уюштурган брифингде билдирди. 

 

Элвира Сурабалдиева  "Темир Сариев атам өлгөндөн кийин анын мүлкүн тартып алууга аракеттенген" деген маалымат тараткан. Бирок, "Ак Шумкар" партиясынын лидери маалыматты калпка чыгарган.