Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун иши сотко өткөрүлдү. Биринчи соттук отурум 14-февралга белгиленди.
Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
“Кулматовдун адвокаттары анын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө өтүнүч келтиришет. Алар экс-мэрди УКМКнын абагында кармоого маанилүү себептер жок деп эсептешет”, - дейт Жолдубаева.
Айтымында, жаңы кылмыш кодекси боюнча прокурор айыпталуучуну кандай негизде абакта кармаганын далилдеп бериши керек.