Бишкек шаардык кеңештин депутаты Сайдахмат Исмаилов кароосуз калган иттерди багуу жай ачууну сунуштады. Бул тууралуу шаардык кеңештин 12-февралдагы жыйынында билдирди.
"Мага шаардыктар кайрылышты. Бишкнектин кээ бир райондорундагы көчөлөр караңгы, жолбун иттер көп экенин айтышты. Ошондуктан иттерди кабыл алган атайын жайды уюштуруу тапшырмасын мэрияга берели. Каражат табышсын. Бүгүнкү күнү ансыз да жолбун иттерди атууга аз эмес көлөмдөгү каражат берилет. Аларды атуу аёосуз мамиле болуп калат. Эгер кабыл алуу жайлары ачылса жакшы болмок», — деди ал.