Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов абактан чыгарылды. Бул тууралуу экс акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Айтымында, ага бул кабарды аталган саясатчылардын адвокаты кабарлаган. 

 

«Саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бүгүн абактан чыгышты. Түштөн кийин алар  менен жолугушабыз. Аларга тагылган айыптын баары калп каралоо экенин баары билет. Акыйкат бар экен, бүгүн алар абактан бошотулду», — деди Т. Акун.

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы азырынча саясатчылардын эркиндикке чыккан-чыкпаганын билдире элек.