Соттолуучу жатак-колониядан оорукчан апасын көрүү үчүн качып кеткен. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, Токтогул районунун 33 жаштагы А.Т. аттуу тургуну уурулукка айыпталып, жылга эркинен ажыратылган жана үй-мүлкү конфискацияланган. Бирок, кийинчерээк өкүм өзгөртүлүп, жаранды Чүй облусундагы Ак-Суу айылындагы жатак-колонияга которушкан.
Бирок, өткөн жылдын 10-ноябрында А.Т. качпоо боюнча түзүлгөн келишимди бузуп, колониянын аймагын өз эрки менен калтырып, белгисиз тарапка кетип калган. Бул учурда анын 7 ай 2 күн гана жаза мөөнөтү калган.
Сот отурумунда ал айыбын толугу менен моюнуна алып, эмне себептен качып кеткенин түшүндүрдү. Көрсө, ал апасынын ооруп жатканын угуп Токтогул районуна кетип калган. Соттон оор жаза бербөөнү суранды.
Свердлов райондук соту анын алдын ала ойлонуп, качып кетти деп эсептеп, 1 жылга эркинен ажыратты.