Жайыл районуна караштуу Эриктүү айылындагы каналдардын биринде адамдын жансыз денеси табылган. Иликтөөдөн кийин сөөк 26 жаштагы М.М. аттуу жаран экени аныкталган.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, сөөктөн күч колдонуп өлтүрүү белгилери табылган эмес. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жаран суукка тоңуп каза тапкан.
Милицияга сөөк табылганы боюнча 9-февралда кабар келген. Кийинчерээк, Степныйдын 26 жаштагы тургуну М.М. каза болооруна бир күн мурда Кара-Балтада, досунукунда мейманда болгону белгилүү болгон. Ал жакта ичимдик ичилген. Үйүнө келгенден кийин машинедин түшүп кеткен да, ошону менен кайрылбаган. Достору издеп, бирок табышкан эмес. Кийинки күнү да издөөлөрүн улантышкан. Жансыз денеге кабылышкандан кийин милицияга кабар беришкен.