Жарандык активисттер кыргызстандыктарды той өткөрүү үчүн кредит албоого чакырык ташташууда. Алар Бишкектин жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдорго “Тойго кредит алба!” деген жазууларды калтырышты.

 

Активисттер маалымдашкандай, жазуулардын басымдуу бөлүгү атайын банктарга бараткан жолдорго жазылды. Бирок, аны менен катар алар каржылык мекемелердин ишмердүүлүгүнө каршылыктары жоктугун билдиришет.

 

“Эл ар кандай тойлор үчүн керексиз кредиттерди алып жатышат. Ишкерчилик баштоо үчүн эмес, той үчүн алгандар көп. Андан кийин төлөгөнгө келишкенде карыздын чуңкуруна батышат. А баш кошкон жаштар болсо бактылуу мүнөттөрдү татпай, чет өлкөгө карыздан кутулуу үчүн иштөөгө кетүүгө аргасыз. Биз, жаш сүрөтчүлөр мындай ойлонулбай алынган кредиттин запкысын өз терибиз менен тартканбыз. Ага-эжелерибиз тойлорун өткөрүүгө алынган кредитти төлөйбүз дешип, беш жылдан ашуун убакыттан бери башка жакта иштеп жүрүшөт”, - дешти жолго жазуу түшүргөн активисттер.