Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-февралда “Манас аэропорт” көзөмөл өткөрүү пунктунда чегаралык текшерүү учурунда Нигериянын эларалык авиакаттам менен келген эки жараны кармалды. Алар Кыргызстанга электрондук визанын жасалма түрү менен өтүүгө аракеттенишкен.
Сырткы миграциянын бирдиктүү системасы электрондук визанын туура эмес экенин көрсөткөн. Жыйынтыгында, кырдаалды териштирүү үчүн чет өлкөлүктөр өлкөдөн депорт кылынды.