Көз боемочулук менен айыпталган Абдыжапар Жээнбековдун иши Жогорку сотто каралууда. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган кызматка З. Самидинова арыз менен кайрылган. Ал Абдыжапар Жээнбеков ага биргелешкен ишкерчилик сунуштаган. Жабдыктарды сатып алам деп 113 миң доллар акча алган. Бирок, ишкерчилик башталган эмес,өзүн “таасирдүү адамдардын тууганымын” деп тааныштырган Жээнбеков ошону менен акчаны кайтарбаган.
2016-жылдын августунда көз боемочулук беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Абдыжапар Жээнбековго айып тагылып, иш Ленин райондук сотуна жөнөтүлгөн. 2018-жылы биринчи инстанциядагы сот аны айыптуу деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан.
Ушул жылдын 25-январында Бишкек шаардык соту айыпталуучуга карата сот чечимин өзгөртүп, үй камагына чыгарган.
Шаардык соттун чечимине Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Жогорку сотко арызданган.