Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин таламын талашкан укук коргоочу пайда болду. Рита Карасартова УКМК Батыралиевди камакка алса ачкачылык жарыялаарын билдирди.
Анын пикиринде, Батыралиев саламаттыкты сактоо жаатында алгылыктуу иштерди жасай алган алгачкы министр.
“Ал ишти өлүү чекиттен жылдыра алды. Учурда Кыргызстанда билим берүү түзүмү өлүү бойдон турат, саламаттыкты сактоо жаатында да мурда ушундай көрүнүш болчу. Бирок, Талантбек Батыралиев бул түзүмгө алдыга жылуусуна түрткү болду”, - дейт укук коргоочу.
Мурдагы министр учурда гемодиализ боюнча пайдасыз келишим түзгөндүгү үчүн айыпталууда. Ал эми укук коргоочунун пикиринде, Батыралиев бул тармакка башчылыкка келгенге чейин бул процедураны баасынан улам кыргызстандыктар такыр эле ала алышкан эмес.
“Бүгүнкү күндө гемодилаз жасоого боло турган клиникалардын саны байкалаарлык көбөйдү. Мындай кызмат көрсөтүүнүн менчик борборлору да ачыла баштагандыктан, базар деген базар да, баасы да ылдыйлап калды. Батыралиевге мамлекетке зыян келтирди деп болгону доллардын курсунун айырмасынан гана айып тагышууда. Эгер аны камакка алышса, жеткен чек ошол болот, биз анда унчукпай тура бербейбиз, аракетке өтөбүз”, - деп белгиледи Карасартова.