Саламаттыкты сактоо жаатынын мурдагы министри Талантбек Батыралиевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатканы боюнча билдирүү берилди. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

 

 Маалыматка караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Мамлекеттик сатып алуулар боюнча” Мыйзамындагы талаптардын бузулушун шарттаган фактылардын негизинде кылмыш ишин козгогон. Анда мурдагы министр бөйрөктүн өнөкөткө айланган 5-стадиясындагы дарты менен ооруган оорулууларга медициналык жардам көрсөтүү кызматын сатып алууда эреже бузган.

 

Батыралиевдин коопсуздук комитетине суракка чакырылганы, же азырынча чакырыла электиги – белгисиз. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы гана айтылды.

 Бул маселе боюнча аудит белгиленген. Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында, мамлекетке ири суммада – 107 миллион сом зыян келтирилгени аныкталган. Батыралиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жасалма, пайдасыз келишим түзүү беренелери боюнча шектелүүдө.