Кыргызстандын футбол Федерациясынын президенти болуп Канатбек Маматов дайындалды. Бул чечим Федерациянын кезексиз конференциясында кабыл алынганын маалымдашты.
Анда айтылгандай, алгач делегаттар Федерациянын учурдагы президенти Семетей Султановдун оставкасын кабыл алышкан. Канатбек Маматов болсо бир добуштан шайланды, ал аталган тармакты төрт жыл башкарат.
Семетей Султанов экс-президент Атамбаевдин күйөө баласы. Ал 10-январда кызматтан кетүү боюнча арыз жазган, бирок футболду өнүктүрүү боюнча иштерди уланта берээрин айткан. Атамекендик футбол ышкыбоздору Султанов президенттикке келгенден кийин Федерациядагы иш жанданганын айтышууда.