Бул тууралуу "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди. 

 

Ал айткан маалыматка караганда, мамлекеттик компанияда 41 кызматкер иштейт жана алардын бир жылдын айлык акысына 109 миллион сом жумшалган. Каржы министрлигинде дагы ушунча кызматкер иштейт, бирок жылына 70 миллион гана сом айлык акыга кетет. 

 

 Аталган компаниянын төрагасы Бакытбек Шамкеевдин айтымында, айлык акынын көбөйүшү каржы адистерине таңкыстыктан улам болууда. 

 

"Ишти натыйжалуу жүргүзүү үчүн биз коммерциялык банктардын кызматкерлерин тарттык. Бизде мыкты адистер аз", - деди ал. 

 

Төраганын өзүнүн айлык акысы 52 миң сом экени белгилүү болду.