- Бүгүн, мен сиздерге кыргыз милициясынын ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттар боюнча кыскача токтоло кетейин:

Биринчиси, коомчулуктун жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, криминалдык коркунучтарга каршы күрөшүү, укук бузуларды алдын алуу үчүн мамлекеттик тутумду жакшыртуу, коомдук жайлардагы криминалдык абалды көзөмөлдөө жана коомдук коопсуздукту сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү багыты. Негизинен айтканда, Ички иштер министрлиги 2018- жылы Президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбековдун Жарлыктарын, анын ичинде “Аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндө” Жарлыгын, Коопсуздук кеңешинде койгон тапшырмаларын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн токтомдорун, анын ичинде Өкмөттүн “Ишеним, Биримдик, Жаратмандык” программасынын негизинде, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында иш-чараларында белгиленген негизги багыттарды аткарууда узгүлтүксүз иш аракеттерди көрүп келдик. Коомдук тартипти сактоодо, айрыкча 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Түрк тилдүү мамлекеттердин Саммити жана Эгемемендүүлүктүн 27 жылдыгына арналган мамлекеттик маанилүү иш чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыздоо иш чараларын жогорку денгээлде ийгиликтүү жүзөгө ашыра алдык.

 

Биз, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишмердүүлүгүнө байланышкан негизги маселелерди 24- январда коллегияда карап, өзүбүздүн ишибизге сын көз менен карап, кемчиликтерди аныктап жана аларды жойуу аракеттери боюнча бир катар тапшырмаларды өздүк курамдын алдына койдум.

 

Мен жыл жыйынтыгы боюнча коллегияда коллегияда Ички иштер органдарындагы бүгүнкү күнгө чейин орун алган кемчиликтерди жаап-жашырбастан ачык айтуу менен калыс чечим кабыл алып, ишти илгерилетүү максатында бир катар иш чараларды белгиледик.Талдоонун негизинде айта турган болсом, 2018-жылы республика боюнча укук коргоо органдары тарабынан 29 миң 718 кылмыш катталган. Ал эми ички иштер органдары тарабынан 26 миң 553 кылмыш катталып, кылмыштын жалпы санынын 89,3 пайызын түздү, кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшүндө 19 миң 861 кылмыштын бети ачылган.

 

Буга карабастан, биз иштей турган иштер арбын – бул мурдагы жылдарда жасалып, коомчулукта резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачуу. 2018- жылдын жыйынтыгы менен ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча өткөрүлгөн ИИМдин коллегиясында тиешелүү кызматтарга бардык багыттар боюнча тапшырмалар коюлду. 2018-жыл ичинде ИИО кызматкерлери тарабынан баардыгы болуп 210 кылмыштуу топтордун мүчөлөрү ар кандай кылмыш фактылары менен кармалган, анын ичинен: 44 (58) уюшулган топтордун мүчөлөрү жана 166 (183) ар түрдүү топтордун мүчөлөрү, кармалгандардын ичинен 7 адам криминалдык чөйрөдө жогорку статусун алып жүргөндөр. Издөөдө жүргөн 6 уюшкан кылмыштуу топтордун жана 22 ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалган. Каттоодо турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү жасаган кылмыш иштеринин бетин ачуу жана ага бөгөт коюуга, кылмыштуу түзүмдөрдү аныктоого, аларды каржылоонун булактарынын жолдорун буу, андан сырткары мамлекеттик кызматкерлерге, жогорку кызматтагыларга терс таасири тийип калбашы үчүн бир багыттуу иштер алып барылууда.

 

Ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө. Мен ыкчам кызматтарга оор жана өзгөчө оор кылмыштарды, айрыкча мурда жасалган кылмыштардын бетин ачуу боюнча дайыма тапшырмаларды берип келемин жана алардын ар бири менин жеке көзөмөлүмдө турат. Жол коопсуздугу боюнча бир аз токтоло кетели.

 

2018-жылдын ичинде унаажолдордо жана көчөлөрдө, алты миң жол унаа кырсыгы катталып, бул мурдакы жылга салыштырмалуу жол унаа кырсыгы -5,5% азайган. Жол унаа кырсыгынан каза болгондордун саны-21,0% азайды, жаракат алгандардын саны -4,2% азайды. Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол унаа кырсыгы 1500 жакын катталган, 0,9% азайды, 80 ашуун жаш өспүрүм каза болсо, 1500 бала ар кандай оор жаракаттарды алган.Биринчи жолу статистикалык анализдин көрсөткүчү кырсыктын жана жол унаа кырсыгынын азайуусун көрсөттү. Биринчи жолу жаш өспүрүмдөр катышкан жол унаа кырсыгы 80ге чейин азайды.

 

 Өткөн жылда ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан 995795 административдик протоколдор түзүлдү. Экинчи багыт, ички иштер органдарынын катарындагы коррупцияга каршы күрөшүү, колу таза эмес кызматкерлерди тазалоо боюнча талаптарды күчөттүм...

 

Ички иштер органдарынын кызматтарында кызматтык тартипти бекемдөө менен кесиптик жана күжүрмөн даярдыктан күчөтүү. Ушундай комплекстүү кадамдар милиция кызматкерлеринин професионалдуу деңгээлин жогорулатып, учурдагы кылмыштуулук менен татыктуу күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ички иштер органдарынын катарындагы кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды жоготуу биздин негизги багыттарыбыздын бири. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга, милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштерге аралашкан, андан сырткары баңгикылмыштуулугу жана башка мыйзамсыз иш-аракеттер менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган абийирсиз кызматкерлерди ички иштер органдарынын катарынан тазалоо боюнча иштерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошондой эле ИИОнун кызматкерлеринин бөлүмдөрүндө кызматтык тартипти бекемдөө талап кылынган. Биз ички иштер органдарыны курамында болгон тартип бузууларды, мыйзамсыз жоосундарды жана алар тарабынан жасалган кылмыштарды өзүбүз таап, аныктап кызматтык иликтөө жүргүзүп, анан юридикалык баа берүү үчун прокуратура органдарына жиберип жатабыз. 2018-жыл ичинде кылмыш жасагандыктары үчүн ИИОнун кызматкерлерине карата 67 (90, -23) кылмыш иши козголуп, бул боюнча 83 (117, -34) кызматкер жоопкерчиликке тартылган. 2018-жыл ичинде ар мыйзамдуулукту жана тартип бузуулардын жалпы саны боюнча 7286 түздү. Анын ичинен 5811 кызматкер тартиптик жазага тартылышкан. Алардын ичинен 71 кызматкер тартипти одоно бузгандыгы үчүн ИИОнун кызматынан бошотулса, 205 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Үчүнчү багыт, ички иштер органдарын реформалоону өнүктүрүү жана элдин милицияга болгон ишенимин чыңдоо боюнча боюнча комплекстүү тиешелүү чараларды көрүү.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялаган Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасынын талаптарын аткаруу максатында, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы жана Ош шаарындагы милициянын бардык бөлүмдөрүн кыдырып чыктым. Жер-жерлерде жарандар менен кезигип, жолугушууларды өткөрдүм. Жергиликтүү тургундар менен, бийлик органдары менен жер-жерлерде чечиле турган маселелерди сүйлөшүп, аны иш жүзүнө ашыруунун механизмдерин да аныктадык. Көйгөйлөрдү жеринен көрүп, чек-арага жакын аймактардын элдин арыз-сунуштарын жеринен таанышып келдим. Быйыл өзүңүздөр билгендей региондорду өнүктүрүүдө - биздин да ролубуз жогору. Анткени, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүнүн сапаттык деңгээлин көтөрүү, милиция кызматкерлеринин жана ардагерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү дагы региондорду өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз деп эсептейм.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды аймактарды өнүктүрүү Жылы деп жарыяланган” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде реформанын алкагыныда ИИМдин, ИИББнын-ИИБнын аппараттык санын оптималдаштыруу өткөрүлдү, анын алкагында аппараттарда 625 бирдик кыскартылып, аймактык бөлүктөрдү ошону менен бирге милициянын шаардык жана айылдык бөлүм-бөлүмчөлөрүн чыңдоо үчүн берилди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын түзүмүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору “Бирдиктүү терезе” Бишкек шаарында түзүлдү. Азыркы убакта республиканын ар бир аймактарында ушуга окшогон Борборлорду түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бирдиктүү терезе бул –жарандын кылмыш жоопкерчилигине соттулугу бар же жок экендигин аныктоочу тактамаларды берүү маселесин жана тиешелүү документтерге опастиль басуу маселеси жана лицензиялык уруксат берүү маселеси, жардыруучу заттарды ташыган автоунаа каражаттарын коштоо боюнча кызмат көрсөтүү маселеси боюнча иш алып барат.

 

Бирдиктүү терезенин милдети – жарандардан арыздарды, кайрылууларды бир жерден кабыл алып, бир жерден чече турган кызмат мыйзамдын чегинде жана белгиленген тартипте жарандардын суроо-талаптарын камсыз кылуу болуп эсептелет. Аталган кызмат Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын имаратында жайгаштырылып, бүгүнкү учурад жарандарды тейлөөдө жогорку чеберчиликтерин көрсөтүүдө Жакынкы убакта милициянын аймактык өкүлдөрүн, жашы жетпегендердин иши боюнча тескөөчүлөрдүн бөлүктөрүн чыңдоо менен республикадагы ИИОнун санын жана түзүмүн оптимизациялоо боюнча экинчи этап пландаштырылууда. Реформалоону өнүктүрүүдө эң башкысы коомчулуктун ишенимине ээ болуу үчүн коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоочу тутумду түзүү керек. Ал үчүн бийликтин ар бир бутагы менен кызматташуу, жарандык институттар менен бирге башталган реформаны, белгиленген программаларды жана долбоорлорду иш-жүзүнө ашырууга жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берет. Бүгүнкү күндө милициянын кадыр баркын көтөрүүгө жана мага ишенип берилген коомдук тартипти сактоодогу бардык тапшырмаларды так жана акыйкат аткарууга практикалык тажрыйбам, кызматтык принциптерим жана тутунган багытым да жетиштүү десем жаңылышпайм.

 

 Эгерде эл милицияга ишене баштаса, ошондо милиция иштей баштайт. ИИМде элдин ишенимин арттыруу боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө. Анткени ички иштер органдарына болгон элдин ишенимин жогоруулатуу эң башкы максаттардын бири. Милиция кызматкерлери элдин алдында кесипкөйлүүлүк жана адамкерчилик жактан жогорку критерийлерге ээ болушу керек. Элдин ишенимине ээ болуу үчун биз ар тараптуу кызматыбызды так жана сапатуу жүргүзүшүбүз керек мына ошол багытта Ички иштер министрлиги тарабынан “Бирдиктүү терезе” долбоору ишке ашырылды. Биздин негизги максатыбыз – коомдун, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу мамлекеттик тутумун жогорулатуу болуп саналат. Ички иштер органдарынын потенциалын чыңдоо жана жарандардын конституциалык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, жарандардын, коомдун жана өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик маанилүү объектилерди коргоо Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыз кылуу системасын өркүндөтүүгө багытталган масштабдуу реформаларды жүргүзүүгө жетишүүнүн негизги жагдайы болуп эсептелет.

 

 

 

Нурлан ЖУКЕЕВ, “Майдан. kg” гезити