Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрилигине бир нече айдан бери балага сүйүнчү ала албаган жарандардан көп арыз келип түшөт.
Анын бири – Токтогул районунун тургуну Бердимуратов Өмүрбек Фейсбук соцтармагы аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, “балага сүйүнчүгө” (Таалайбек кызы Гүлзар) документтерин тапшырганга 4 ай болгонун, бирок 4 миң сомдук төлөм дагы деле колдоруна тие электигин айткан.
Иликтөөлөрдүн алкагында Таалайбек кызы Гүлзар Үч-Терек райондук ЗАГС бөлүмүнө 2018-жылдын 11-ноябрында кайрылганы белгилүү болгон. Өз кезегинде Токтогул райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Таалайбек кызы Гүлзардын атына каражатты “Кыргызстан” банкы аркылуу которгон.
Банк мыйзамдуулугуна ылайык, эсеп кимдин наамына ачылса андан ошол адам гана өздүгүн аныктоочу документтери менен келип акча ала алат.
Банктын операциялык бөлүмүнүн башкы адиси арыз жазуучунун ордуна бир нече жолу башка адам акча алууга келген, ошондуктан чоочун адамга беришкен эмес.