«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» КР мыйзамына өзгөртүүлөр сунушталууда. Бул тууралуу депутат Аалы Карашев бүгүн Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди.
"Экинчи окууда талкууланып жаткан аталган мыйзам долбоорунда статс – катчылыкка мамлекеттик кызматтарда иштеп, бай тажрыйба топтогондор да катыша алат деген кеңейтилген шарттар камтылып жатат. Болбосо, башта башкаруучу кызматтарда гана иштеген адистердин сынакка катышуу мүмкүнчүлүгү болуп келген", - дейт эл өкүлү.
Ошондой эле депутаттын айтымында, советтик партиялык кызматтарда, аскердик кызматтарда же бала багууга кеткен энелердин ордуна келип убактылуу кызматтын милдетин аткаруучулар да карьералык тепкичтерин жогорулатам десе, алар стаждык жылдарын эсептете алышат.