Базар-Коргон районунун Чарбак айылында отко этиятсыз мамиле жасалгандыктан өрт келип чыккан. Андан 21 жаштагы жигит каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, ӨКМнын кызматкерлри окуя болгон жерге барышканда өрт контейнерде келип чыкканы белгилүү болгон. Дагы эки адам жабыркаган. Өрт кырсыгы тууралуу өрт кызматына эч ким кабар берген эмес.

 

Укук коргоо кызматынын билдиргени боюнча, кырсык 13-14 жаштагы эки өспүрүмдүн бир бочкадан экинчи бочкага бензинди куюштурганынан улам жаралган. Ошол убакта алардын жанына айылдашы келип, зажигалка жандырып жибергенде, өрт башталган.

 

Өспүрүмдөр ооруканага жаткырылды. Болжолдуу маалыматтарга караганда, зажигалканы жандырган, андан кийин каза тапкан 21 жаштагы жигит психикалык жактан оорукчан болгон.