Парламент жыйынында депутат Ирина Карамушкина УКМКга жергиликтүү медреселерде билим алып жаткандарды байкоого алууну сунуштады.
“Жакында диний мекемелеринде билим алуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы мени таң калтырды. Окуучулардын көпчүлүгү “Таблиги жамаат” кыймылын колдошот экен. Анын катарында радикалдар бар. УКМК буга көңүл бурушу керек”, - деди депутат.
Ал сурамжылоонун жыйынтыгы интернетке жарыяланганын белгиледи.