Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүрткөндөрдү аныктоого жана бөгөт коюга багытталган атайын операцияны ийгиликтүү аяктады.


Жакында БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери сымаптын ири партиясын сатууга аракеттенгендерге бөгөт коюшту. 2019-жылдын 3-февраль күнү ИИМдин БМЖКККнын бөлүмү тарабынан республиканын түштүк аймагында атайын операция жүргүзүү учурунда 1956-жылы туулган М.Р. жана 1978-жылы туулган Х.Ж. аттуу жарандар “сымап” уулуу затын сатып жатканда кармалышкан. Кармалган жарандарга өздүк кароо жүргүзүүдө 100 килограммдан ашык салмактагы “ртуть” уулуу заты табылып алынган.


Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жактарды дагы аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.