Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Саламаттыкты сактоо министрлигинде көрүнүктүү иштер болбой туруп, министри кымбат автоунаа алганын сынга алды.
“Сиздин кызматтык кымбат унааңыз катуу талкууга алынды. Бир гана биз, депутаттар эмес, эл да нааразы болушту. Сиз министр катары кандай сынга кабылаарыңызды билип туруп унаадан баш тартсаңыз болмок», - деди ал.
Министр Космосбек Чолпонбаев унааны өзү албаганын, долбоордун алкагында сатылып алынганын билдирди.
Ал эми депутат куру калбай, ошол автоунаага кеткен каражатты материалдык техникалык-базаны чыңдап, гемодиализ аппараттарын алууга жумшоо керек эле дегенди кошумчалап койду.