Жогорку Кеңештин жыйынында депутат алмазбек Эргешов тармактар аралык чалуулардын баасына эмнеге антимонополиялык комитет көз салбай жатканын сурады.
Ал бир уюлдук оператордон экинчи уюлдук операторго чалуу мүнөтүнө беш сом шыпырып алаарын белгиледи.
“Эч жакта мындай баа жок. Эмнеге комитет бул маселени жөнгө салбайт? Бул деген элди тоноо болуп жатпайбы. Эгер мындай маселелерге кийлигише албаса бизге антимонополиялык комитеттин эмне кереги бар?!” – деди депутат ачууланып.
Ал эми аталган комитеттин башчысы Шухрат Сабировдун айтымында, комитет эки жылдан бери ушул маселенин үстүндө иштеп келатат. Алар уюлдук операторлорго 58 миллион сом айыппул салалы дешкен, бирок сотто утулуп калышкан. Үч доминанттык оператор компаниялары ич ара келишим тузүшүп, бул тармактар аралык чалуулардын баасын 50 тыйынга арзандатышкан.