Ал сертификатка баланын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу маалыматтар жазылат. Бул тууралуу республикалык эмдөө борборунан билдирди. Сертификаттарды берүү саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын буйругунун негизинде демилгеленген. Адистердин айтымында, учурдагы ички жана тышкы миграциялык агымдын негизинде ушундай кадамга баруу зарылчылыгы келип чыккан. “Бул сертификаттарды атаэнелер өзүндө сакташат. Бала бакчага барганда, окууга киргенде, жогорку оку жайына тапшырса да, эмдөөдөн өткөндүгү же өтпөгөндүгү тууралуу маалыматты биле алышат. Ал эми эмдөөдөн баш тарткан атаэнелер болсо, аларга деле сертификат берилет, бирок, эмдөөдөн баш тарткандыгы тууралуу маалымат жазылат. Мунун негизги себеби ички жана тышкы миграциянын агымынан келип чыкты. Көп учурда ата-энелер баласынын эмдөөдөн өткөнүн билбей калышат. Медицина кызматкерлеринен такташ үчүн баштапкы жашаган жерине кайрылышып, убарагерчилик да болууда. Бул сертификат ушундай маселелрдин алдын алат”- деп билдирди Республикалык эмдөө борборунун жетекчисинин орун басары Гүлнара Жумагулова. Эскерте кетсек, буга чейин балдардын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу маалыматтар форма 63 медициналык документке жазылып, ал саламаттыкты сактоо борборлорунда болуп келген. Эми ошол эле маалыматтар сертификатка жазылып, атаэненин колунда болот да, кайсыл жакта болсо да баласынын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу маалыматты биле алышат.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити